Кыргыз Республикасынын герби

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги

Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуудагы ишке ашырылуучу этаптар

Жергиликтүү уставдарды кабыл алуу боюнча тийиштүү
буйруктар жана иш-кагаздар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругу

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын
Типтүү уставы

Белгилүү бир аймактагы жашаган жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн биримдиги, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылууну адеп-ахлакты чыңдоону, ички жашоо-тиричилигинин принциптерин жана эрежелерин киргизүүгө багытталган

Жергиликтүү жамааттын типтүү уставы 8 бөлүктөн турат

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органд�ары
  3. Жергиликтүү маанидеги маселелер
  4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  5. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  6. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби
  7. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
  8. Корутунду жоболор

Жергиликтүү жамааттарынын уставын
ишке ашыруу этаптары

1-Этап

Агенттиктин буйругу

Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставы

Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмө

Айыл өкмөт же шаар мэринин чечими менен уставдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу, демилгечи топтор түзүлөт (Устав 41 пункт)

2-Этап

Уставдын долбоорун иштеп чыгуучу
жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

  • жергиликтүү кеңештин төрагасы
  • шаардын мэри
  • айыл өкмөтүнүн башчысы
  • жергиликтүү кеңештин депутаттары
  • шаар мэриясынын же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери
  • жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаарда же айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен)
  • коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар)

Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн

Демилгечи топ

Демилгечи топтун курамына аймактагы жергиликтүү жамааттардын сунушунун негизинде жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, ЖӨБО тиешелүү кызматкерлери киргизилет
Демилчечи топту бекитүү буйруктун үлгүсү

Аймактардагы көчөлөргө, кварталдарга дайындалган демилгечи топ төмөнкүлөргө милдеттүү

Ар бир дайындалган демилгечи топ өздөрүнүн көчөлөрүндөгү, кварталдарындагы жергиликтүү жашоочуларга«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамаатарынын Типтүү уставын»тааныштырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, демилгечи топ өздөрүнүн аймактарында ватсап топторун түзөт

3-Этап

Аймактардагы көчөлөргө, кварталдарга дайындалган демилгечи топтор ар бири өздөрүнүн аймактарындагы жашоочулардан келип түшкөн сунуштарды жумушчу топко беришет

4-Этап

Уставдын долбоорун жумушчуу топ �иштеп чыгат

5-Этап

Жергиликтүү курултай же жыйын дайындалып, жергиликтүү уставдын долбоору курултайда талкууланат

6-Этап

Жергиликтүү курултайда же жыйында, жергиликтүү жамааттардын уставы жактырылат

7-Этап

Жергиликтүү курултайда же жыйында жактырылган устав, Жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

8-Этап

Жергиликтүү жамааттын уставын бекиткен Жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн уставдын текстин тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлөт

9-Этап

Уставты колдонууга киргизүү боюнча чогулуштарды, жыйындарды өткөрүү жергиликтүү жашоочулар менен чогулуш, жыйын уюштуруу

Жергиликтүү жамааттардын жыйынынын Протоколунун үлгүсү

10-Этап

Кабыл алынган жергиликтүү жамааттардын уставынын аткарылышын уюштуруу көзөмөлдөө (демилгечи топторго жүктөлөт)